Садыр Жапаров кургакчылыкка байланыштуу үч аткаминерге сөгүш жарыялады

Бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын жаз-жай мезгилиндеги Чүй облусундагы кургакчылыкка байланыштуу үч аткаминерге сөгүш жарыялады.

“Үстүбүздөгү жылдын жай айында элди митингге чыгарбай маселени өз учурунда чечүүгө болот эле. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жана Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеевге сөгүш жарыялайм”, – деди президент.

“Үчөөңүздөр тең жетиштүү деңгээлде ишти уюштура алган жоксуңар, кеч болгондо гана маселе чечилди. Бүгүндөн баштап келерки жай мезгилине даярданышыңыздар керек”, — дейт ал.