
Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотулат.
“Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Минск — Республика дарегинде жайгашкан, 1979-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштерине байланыштуу 29-ноябрдан 2-декабрга чейин газ өчүрүлөт.
Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу, төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында газ өчүрүлөт: Фучик, Чоң Чүй каналы, 2-Черепки, Жибек Жолу проспектиси, 7705 аскер бөлүгүн от казаны.