
Өлкөнүн жогорку жетекчилерин ташыган авиакомпания жаңы учак сатып алууну көздөөдө.
Маалыматка ылайык, мындай чечим президенттин, премьер-министрдин, спикердин иш сапарларында колдонулуучу учактар эскирип калганы менен жүйөлөндү.
Эске салсак, 31-октябрда Садыр Жапаров иш сапары менен Глазго шаарына барган. Өлкө башчынын менчик учак жалдап барганы кызуу талкуу жараткан.
Президенттик администрациянын маалымат кызматы Жапаровду ташыган №1 борт (Ту-154) Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын техникалык нормаларына дал келбегендиктен, кыргыз тарапка мындай самолёт менен келүү мүмкүн эместигин кабарлаганын айткан.