Ысык-Көлдө автоунааны айдай качкан жаран кармалды

3-ноябрда Балыкчы ШИИБне жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз адамдар түнүчүндө, үйүнүн жанында турган «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз тарапка айдап кетишкендигин билдирген. Натыйжада, жабырлануучуга 80 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

WhatsApp Image 2021 11 22 at 12.51.07 Ысык-Көлдө автоунааны айдай качкан жаран кармалды

Аталган факт шаардык милициясынын КЖБРне катталып, жазык кодексинин 206 (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошол эле күнү, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында уурдалган автоунаа Тоң районунун Кара-Талаа айылынын жанынан табылып, ээсине кайтарылып берилген. Бирок, кылмышка шектүү адамдарды изин суутпай аныктоого мүмкүнчүлүк болгон жок.

Автотранспорт каражатын айдай качкан шектүүлөрдү аныктоо жана аларды кармоо боюнча иликтөө иштери токтобостон, уланып жатты. Жакында, Ысык-Көл ОИИБдин жана Балыкчы ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан изин жазгырган шектүү жаран аныкталып, милицияга алынып келинди. Ал, Кара-Талаа айылынын 36 жаштагы С.Р. болуп чыгып, шектүү алгачкы суракта өзүнүн күнөсүн толугу менен мойнуна алды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.