
Кувейт кайрымдуулук фонду Бишкек шаарынын Биринчи май районунун тургундарына колдоо көрсөтүп, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, район башчысы Жамалбек Ырсалиев да 150 муктаж үй-бүлөгө катуу отун (ар бирине 10 каптан көмүр) таратууга катышты.
Белгилей кетсек, тараптардын эки тараптуу кызматташуусунун алкагында муктаж болгон үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыздоо боюнча планы ишке ашырылган.