
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-ноябрдагы жыйында парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын билдирген талапкерлердин кайрылуусун карады.
Шайлоого катышуудан баш тарткан үч талапкер:
– Айталиев Таалайбек Дөөлөтказиевич — №21 Талас шайлоо округу;
– Маматалиев Нурбакыт Мухтарович — №7 Ош шайлоо округу;
– Саяк кызы Элзат – №33 Нарын шайлоо округу.
- 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдар боюнча 288 талапкер жана 21 партия катышат.