
Бишкек-Ош унаа жолунун 187-чакырымында жол кырсыгы катталды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Мерседес-Бенц Гигант» үлгүсүндөгү унаасы менен «Лексус RX350» унаалары кагышып, жол кырсыгынан экинчи унаанын айдоочусу каза болуп, дагы 3 киши жабыркаган.
Куткаруу ишине 154-чакырымда нөөмөттө турган Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары тартылып, жеринде иш алып барышкан.