Социалдык түйүндөрдө экс-депутат жана бажычы Таалайбек Масабиров болжол менен 21 700 евро турган саат менен сүрөткө түшкөнү талкуу жаратты.
Масабировдун бул сүрөтү ал талапкерлигин койгон партиянын аккаунтунда жарыяланган. Сүрөттө ал Hublot компаниясынын Big Bang коллекциясындагы сааты менен түшкөн.
Бул сааттардын интернет-дүкөндөрдөгү баасы 21 700 евро бул болсо учурдагы курс менен 2 076 140 сомду түзөт.