
Кыргызстандык спортчу, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келет. Маалымат боюнча, Шевченко 21-ноябрда саат 06:00дөр чамасында Бишкектеги “Манас 2” эл аралык аэропортуна келип конот.
Ал эми 22-ноябрда саат 14:00дө Novotel мейманканасында маалымат жыйын өтүп, ошол эле күнү саат 16:00дө “Аю гранд” соода борборунда күйөрмандар менен жолугушуу болот.