Садыр Жапаров митингчилерге чыкты

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаарынын четиндеги «Жер-Ынтымак» конушунун жүздөгөн жашоочулары өкмөт үйүнүн алдына нааразчылык акциясына чыгышты.

Алар жер маселесин чечип, трансформациялоо иштерин аягына чыгарууну талап кылышты.

unnamed 1 2 Садыр Жапаров митингчилерге чыкты

Аталган конуштун жашоочуларына президент Садыр Жапаров өзү чыгып жолукту. Анын айтымында, тилкелерди трансформациялоого байланыштуу көйгөйлөр четинен чечилип жатат.

«Сиздердин маселе боюнча адистерге тапшырма берейин. Тактоо иштерин жүргүзгөндөн кийин мен тийиштүү чечим кабыл алам. Сиздердин жерлер санитардык-коргоочу аймакта жайгашкан экен.

Шаардын четиндеги конуштарда жашап, кызыл китеп ала албай жүргөн жарандарга жеткире барыңыздар, бүгүнкүдөй нааразычылык акциясына чыкпасын! Көйгөйлөр четинен чечилип жатат. Ар бир нерсенин бүтө турган убактысы болот. Буга чейин облустагы жер маселелерин чечип бергенбиз. ТЭЦ-2нин айланасындагы тилкелерди трансформациялоо тапшырмасын койдук. Эми Бишкек шаарына жеттик. Жазга чейин кызыл китеп аласыңар»,-деди Жапаров.