Нарын районунда профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат

Нарын ОИИБнин демилгеси алдында Нарын ОИИБнин ардагерлер кеңешинин төрагасы Калыбек Кыдыкбаевдин уюштуруусу менен Афган согушунун ардагери Токторбек Оморов, Баткен согушунун ардагери Эркинбек Шамыратов жана Нарын облустук казыятынын өкүлү Тынчтыкбек уулу Санжар жана Нарын РИИБнүн начальнигинин кызмат боюнча орун басары милициянын подполковниги Талантбек Ашырбаевдин катышуусунда Нарын районун Куланак, Учкун айылында жайгашкан орто мектебинде жогорку класста окуган мектеп окуучулары жана мектеп администрациясынын катышуусу менен жолугушуу болуп өттү.

WhatsApp Image 2021 11 18 at 13.30.49 1 Нарын районунда профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат

Иш-чаранын максаты өлкө башчысы Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын негизинде келечектеги жаш муундарга туура багыт көрсөтүү, таалим-тарбия менен бөлүшүү, кылмыштуулуктун алдын алууда профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, пикир алмашуу, эртеңки келечек тууралуу бир пикирге келүү үчүн ачык айкын баарлашуу, эрте никеге туруу боюнча толук маалымат берилип, иш-чарада кызуу талкуулар болду.

Жолугушуунун алкагында окуучулар кызыккан суроолорун беришип, ушундай иш-чара дагы да улантылса, жер-жерлерде көбүрөөк өткөрүлүп турса деген ой пикирлерин айтышып сунуштарын беришти.

Мындай саамалык Нарын районунун башка да айыл аймактарында улантылат.

WhatsApp Image 2021 11 18 at 13.30.48 Нарын районунда профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы