
БШКнын ревизиондук тобу Ат-Башыда уюштурула турган сынакта мыйзам бузулгандыгы тууралуу айтты. Маалым болгондой, учурдагы ЖКнын депутаты Шаршенбек Абдыкеримовдун кызына жолдош издегени касытинг жарыяланган.
Бул тууралуу Bulak.kg редакциясына БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов билдирди.
— Тактап айтканда, мыйзамдын 41-беренеси «Шайлоо тууралуу» бузулган. Анда айтылгандай, шайлоо фонду максаттуу пайдаланган эмес, — деди Кайрат Маматов. — Балким, ал жерде каражаттарды туура эмес пайдалануу — талапкердин үй-бүлөсүн жарнамалоо болуп калган.
Учурда шайлоо фонду канча чыгымга учурагандага эсептелинип жатат.
Шаршенбек Абдыкеримовдун шайлоо фондунда 18-ноябрга карата 1 млн 349 мин 400 сом бар, алардын 1 млн 242 мин 30 сому сарпталган.