Кадамжай районунда “Укук тартип”, “Камкордук” аталышындагы иш-чаралар өтүүдө

2021-жылдын 17-ноябрь күнү Кадамжай районунун аймагында “Укук тартип” жана “Камкордук” аталышындагы иш-чаралар башталып, Кадамжай РИИБнин өздүк курамы мобилдик топторго бөлүнүп, түнкү жана күндүзгү рейддерди уюштурду.


Жогорудагы иш-чаралардын алкагында район аймагындагы жарандарга жолдо жүрүү эрежелери, коомдук жайларда укук бузуулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле мектептерде мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында маектешүүлөр жүрдү.

WhatsApp Image 2021 11 18 at 07.51.12 1 Кадамжай районунда “Укук тартип”, “Камкордук” аталышындагы иш-чаралар өтүүдө


Бир күндүк “Укук тартип” жана “Камкордук” иш-чарасынын жыйынтыгында 2 мас айдоочу кармалып, 18 айдоочуга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор толтурулду. Ал эми паспорттук режим боюнча жалпысынан 660 кожолукту камтыган 330 атуул текшерилип, курулуш бүтпөй калган 9 имараттын чатырлары, жер төлөлөрү толук текшерилип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 81-беренеси менен 5 атуулга, 53-беренеси боюнча 8 атуулга айып пулдар салынды.

WhatsApp Image 2021 11 18 at 07.51.12 Кадамжай районунда “Укук тартип”, “Камкордук” аталышындагы иш-чаралар өтүүдө

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы