
Жалал-Абад облусунда мектеп окуучусу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жалгыз-Жаңгак айылында 17 жаштагы мектеп окуучусу жогорку чыңалуудагы электр мамычасынан боюн таштаганга аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалымат саат 17:18 ӨКМге түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, 30 мүнөттүк сүйлөшүүдөн кийин боюн таштаганы аракет кылган бала куткарылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.