Чүй облусунда бир катар унаа аккумуляторлорун уурдоого шектүүлөр кармалды

Аламүдүн районунун ИИБнө арыз менен Лебединовка айылынын 50- жаштагы
Т.М. жергиликтүү тургуну кайрылган, анын айтымында 2021-жылдын ноябрь
айынын 10нан-11не караган түнү белгисиз адамдар жүк ташуучу
автоунаасынын 2-аккумляторун уурдап кеткенин билдирген.

10 2 Чүй облусунда бир катар унаа аккумуляторлорун уурдоого шектүүлөр кармалды


Аталган факты Аламүдүн районунун ИИБнүн КЖБР КР Кылмыш-жаза кодексинин
200-беренесинин (Уурдоо) негизинде каттоого алынган. Сотко чейинки
териштирүүлөр башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогорудагы кылмышка шектүү делип, Чүй ОИИББнын Криминалдык милиция кызматкерлери жана Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан 23- жаштагы Т.Б. жана
22-жаштагы К.А. кармалган, экөө тең Чүй облусунун тургундары болуп
чыкты.


Маалым болгондой, милиция кызматкерлери адегенде кылмыштуу делген
адамдар айдап жүргөн «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын аныктап, андан соң
алардын өздүгүн аныктап, кармашкан.

Ошондой эле, тинтүү иш-чараларынын
жүрүшүндө унаанын ичинен аккумуляторлорду уурдоо иштерин жүргүзүп жаткан
шаймандары табылганы белгилүү болду.


Ошондой эле, андан аркы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдардын Аламүдүн районунун аймагында жасалган ушул сыяктуу 7 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталып, алар буга чнйин Аламүдүн РИИБнин КЖБР каттоосуна алынган
Учурда жогорудагы адамдардын Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын
аймагында жасалган башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо
боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы