Бүгүн Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү, ал пайгамбар жашына чыкты

Бүгүн, 16-ноябрда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү. Ал 63 жашка чыкты.

Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.

Жээнбеков Кыргызстандын тарыхындагы 5-президент. Ал 2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, 2020-жылы 16-октябрда мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган.

Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистен улам Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетүүгө мажбур болду.

Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Совет (азыркы Кара-Кулжа) районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1983-жылы Константин Скрябин атындагы айыл-чарба институтун зооинженер адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1976-1977 — Өзгөн районундагы Ленин мектебинде мугалим
  • 1977-1983 — Константин Скрябин атындагы айыл-чарба институтунун студенти
  • 1983-1988 —Ош облусунун Совет районундагы «Совет» совхозунда башкы зоотехник
  • 1988-1989 —Ош облусунун Совет районундагы коммунистик партиянын инструктору
  • 1989-1991 — Ош облусунун Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы
  • 1991-1993 — Ульянов атындагы совхоздун директору
  • 1993-1996 — Кара-Кулжа районундагы Кашка-Жол колхозунун башкармасы
  • 1996-1997 — Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынын Агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары
  • 1997-2000 — Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынын Агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы
  • 2000-2005 — Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынын төрагасынын орун басары
  • 2005— Жогорку Кеңештин депутаты, 
  • 2007 — Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министри
  • 2010-2012 — Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу
  • 2012-2015 — Өкмөттүн Ош облусундагы туруктуу өкүлү
  • 2015-жылдын 10-декабрына чейин өкмөттүн Ош облусундагы туруктуу өкүлү;
  • 2015 – 2016 — Мамлекеттик кадр кызматынын директору;
  • 2016-жылдын мартынан тарта КР президент аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
  • 2016-2017 — КР премьер-министри;
  • 2017-жылдын 24-ноябрынан тарта КР президенти;
  • 2020-жылдын 16-октябрында элдик толкундоонун натыйжасында кызматынан өз ыктыяры менен кеткен.