
14-ноябрда аткезчилер менен чыр-чатак учурунда Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары эскертүү иретинде ок атууга аргасыз болгонун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен маалымдалды.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таза-Суу жерлигинде Ак-Дөбө айылынын элүү чакты тургуну Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракет кылып жатышканда токтотулган.
Чек арачылардын мал айдап өтүүнү токтотуу талабына алар баш ийген эмес. Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө үчүн чек ара кезмети асманга эскертүү иретинде үч жолу ок чыгарышкан.
Окуя болгон жерге Ала-Бука чек ара отрядынын командири жана Аксы райондук ички иштери бөлүмүнүн кызматкерлери келип Ак-Дөбө айылынын жергиликтүү жашоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөндөн кийин топтолгондор тарап кетишкен.