
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Кумтөр Голд Компани» ишканасына барды.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жапаров кенде жайгашкан бир катар объектилерди кыдырып чыккан.


Андан соң Жети- Өгүз районунун тургундары менен жолугушту.