Москвада кыргыз кызын өзбекстандык жаран зордуктады

Москва шаарындагы мейманканалардын биринде 21 жаштагы кыргыз кызын өзбекстандык жаран зордуктады. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Белгилүү болгондой, окуя 10-ноябрда Ногинск районундагы мейманканалардын биринде болгон. Бөлмөлөрдү тазалап иштеген 21 жаштагы кызды ошол эле мейманканада иштеген өзбекстандык кесиптеши жумуш учурунда бөлмөлөрдүн биринде күч колдонуп зордуктаган. Кыз бул боюнча полицияга кайрылып, шектүү кармалган.