Думан Рыскулов: Кошуна өлкөлөрдө кандай кымбатчылык болсо, бизде да ошондой баалар болот

Бүткүл дүйнөдө инфляция жогорулап, келерки 2022-жылы бир катар мамлекеттерде гиперинфляция болушу мүмкүн деген маалыматтардын тегерегинде кыргызстандык серепчилердин пикирлери кандай? Эмне үчүн азык-түлүккө болгон баа күн санап өсүп баратат? Бул суроолор боюнча өз оюн “Альянц” акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясынын жетекчиси Думан Рыскулов айтты.

“Тилекке каршы биз өндүрүүчү мамлекеттердин арасына кирбегендиктен, чоң державаларда, кошуна жана өнөктөш мамлекеттерде кандай кымбатчылык болсо, бизде ошондой эле кымбатчылык болот. Мисалы, өзүңүздөр билгендей күйүүчү майдын баасы дүйнөлүк биржадан аныкталат. Бизге ун менен буудай Казакстан жана Россиядан келет эмеспи, быйыл былтыркыдан салыштырмалуу азык-түлүккө болгон баа кыйла жогору.

Улуттук банктын төрагасы жакында эле алмашкандыктан биз анын кандай саясат менен иштей турганын азырынча билбейбиз. Мурдагы жетекчиси Толкунбек Абдыгулов мырзанын жүргүзгөн саясаты бизге белгилүү болчу. Доллардын курсун 85 деген чектен ашырбай, жогорулап баратса долларды сатып интвервенция аркылуу ылдыйлатканга жетишти. Эгер төмөндөп баратса сатып алып канча миллиарддаган сом киреше көргөн. Россияда доллардын курсу төмөндөп 75 же 69,5 рублге түшкөнү байкалып жатат. Евразия экономикалык биримдигине кирген Орусияда жана бөлөк мүчө болгон өлкөлөрдө доллардын курсунун ылдыйлаганы байкалууда. Биз азыр эч кандай прогноз бере албайбыз. Саясий абал сөзсүз түрдө өзүнүн таасирин тийгизет деп эсептейм. Инвестициялык климат жана башка факторлор да бар”, – дейт Думан Рыскулов.

YouTube video