Азык-түлүктөргө болгон баалар көтөрүлүп, калктын кыйналып жатканы бардыгына эле белгилүү. Мындай оор кырдаал өлкөдө дагы канча убакка чейин уланышы мүмкүн? Инфляциянын өсүш коркунучу кандай деңгээлде? BULAK.KG сайты бул маселелердин тегерегинде экономист Азамат Акенеевдин пикири менен таанышты.
“Менимче баалар кийинки жылы мынчалык кымбатболбосо дагы, акырындан өсө берип, инфляция сөзсүз болот. Бардыгы эле өкмөттүн иш аракетинен көз каранды эмес. Азыркы жүрүп жаткан инфляция импортко байланыштуу болуп, айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жүрүүдө. Бул жөн гана акча каражатынын көлөмү өскөндөгү инфляция эмес, COVID-19га байланыштуу чек аралар жабылып, өлкөгө товарлардын кириши да оорлоп кетти. Мындай көрүнүштөр бүткүл дүйнөгө мүнөздүү болуп жатат. Транспорт, логистика, өндүрүш тармактары чоң үзгүлтүктөргө учурап жатканы белгилүү.
Азыр суроо-талап өсүп жаткандыктан өндүрүш бул ыргакка жетишпей калды. Карап көрсөк товарлар учурда бир гана сом менен эле эмес, доллар менен да кымбаттап жатат. Албетте бизде гиперинфляция болбойт. Мындай көрүнүш качан гана акча басып чыгаруучу станок ишке киргенде болушу мүмкүн. Бирок, менимче мындайга чейин жетпеши керек. Анткени, өлкөнүн Улуттук банкы азырынча эч кимге көз каранды эмес. Кийинки жылга карата Экономика министрлиги 5-7 пайызга чейин инфляцияны божомолдоп жатат. Бирок, бул жылы да алар мындай прогнозду кылганы менен туура чыккан жок. Демек, мындай эсептөөлөрү так чыгат деп ойлобойм. Менимче инфляциянын деңгээли андан дагы жогорураак болот.
Доллардын сомго болгон куну боюнча айтсам, алмашуу курсу төлөм балансы аркылуу коюлат. Башкача айтканда, өлкөгө валюта кандай көлөмдө кирип жана чыгып жаткандыгына байланыштуу аныкталат. Ошол эле учурда соода балансынан да көз каранды. Ушул тең салмактуулуктун жаңы чекити жогорураак болот деп ойлойм. Анткени, бизде кирешенин негизги булактары – бул товарлардын жана кызматтардын экспорту менен мигранттардын которгон акчалары.
Эгер, ушул 2021-жылды алып карасак, алтынды экспорттоо деңгээли төмөндөп, төлөм балансын бузуп жаткандыктан, сомдун кунуна да басым кылууда. Азыр Улуттук банк интервенция жасап жатканы менен, алтындын экспорту тез калыбына келет деп ойлобойм. Бул маселе көпкө чейин созула турган план болсо керек. Структуралык дисбаланс болуп турганда валютанын курсун көпкө чейин кармап туруу мүмкүн эмес, анда биз жөн гана резервди коротуш керек болуп, эртели кеч курсту көтөрүш керек болот. Өкмөттүн массалык басымынан, түрдүү төлөмдөрдүн көтөрүлүшүнөн, Кумтөрдү улутташтыруудан улам тоо кен өндүрүшүн экспорттоо төмөндөп жатат. Бул факторлордун натыйжасында канчага экенин айта албайм, бирок сомдун курсу төмөндөп кетет.
Кийинки жылы да товарларга болгон баа өсө берет деп эсептейм. Инфляциянын орто деңгээлинен да өйдө болушу ыктымал. Суроо-талап өсүп, керектеген адамдар азайган жок. Демек суроо-талапты түшүрүү үчүн бааны бир топ эле жогору көтөрүш керек болот. Бирок, 2021-жылдагы баалардын кыйла өзгөрүшүндөй болбойт деп үмүт кылам. Убакыт өткөн сайын өндүрүш маселелери чечилип, баалардын өсүшү токтоп калбаса да жайыраак ыргакка түшөт”.