Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нурбек Сапарбекович Исмаилов ант берди.
БШКнын токтому менен Нурбек Исмаилов Жогорку Кеңештин депутаты катары катталып, ага күбөлүк жана төш белги тапшырылган. Ал “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Мейкинбек Абдалиевдин ордуна депутат болду.
Абдалиев өзү жазган арыздын негизинде мандатынан ажыратылган.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин кезектиги жыйынында төмөнкү төрт маселе каралат:
1. Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Исмаиловдун ант берүүсү;
2. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору;
3. Жогорку Кеңештин 2021-жылдын 23-июнундагы №4682-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Баалоо иши жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты;
4. “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн өлчөмү боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору.