Кыргызстан дүйнө чемпионатында бешинчи орунда турат

Кыргызстандын курама командасы күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер (U23) арасында дүйнө чемпионатында жалпы медалдык эсепте бешинчи орунду камсыздады. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.

Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш) боюнча U23 дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында жыйынтыкталды. Мелдешке катышкан 31 өлкөнүн ичинен Кыргызстан медалдар жарышынан алдыңкы бештикке кирди.

  • Россия — 6 алтын, 9 күмүш, 7 коло;
  • Украина — 4 алтын, 2 күмүш, 3 коло;
  • Азербайжан — 3 алтын, 3 коло;
  • Иран — 2 алтын, 6 күмүш, 7 коло;
  • Кыргызстан — 2 алтын, 1 күмүш;