
Маалыматка караганда, Индиянын аскер флоту 3-5 жылдын ичинде дагы 100 комплект жабдууну Кыргызстанда модернизациялоону пландоодо.
“Дастан” улуттар аралык корпорациясы Индиянын деңиз-аскер күчтөрүнүн суу алдындагы кемелерге каршы торпедаларын модернизациялоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.
Жаңыртуу иштери индиялык “Барат Фодж Лимитед” компаниясы менен биргеликте жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.
“СЭТ-65” жана “ТЭСТ-71″ жабдуулары модернизацияланууда. Бул максатта Инд океанынын шартында жабдууларды сыноо (аткылоо) иштери өткөрүлгөн”, — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, Индиянын аскер флоту 3-5 жылдын ичинде дагы 100 комплект жабдууну Кыргызстанда модернизациялоону пландап жатат.