Чек арадагы өрттүн себептери териштириле баштады

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 2021-жылдын 9-ноябрына кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт.

Бүгүн болжол менен саат 05.30 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Дахма жерлигинде шартуу чек ара сызыгына жакын жерде Кыргызстандын А.Ж., аттуу жаранынын сарайы күйүп кеткен.

Саат 06.15 Баткен облусунун ӨКМдин тарамдарынын күчү менен өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Тиешелүү органдар тарабынан өрттүн келип чыгуу себептерин териштирүү иштери башталды.