
Бишкек шаарында 5-ноябрда «Европа бирлиги – Борбор Азия» биринчи экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билидрет.
Форум алкагында жашыл, туруктуу, климаттык экономикага өтүү, санариптештирүү, сергек ишкер чөйрөнү түзүү маселеси талкууланмакчы.
Форум COVID-19 пандемиясынын кесепетинде келип чыккан социалдык-экономикалык каатчылыктан соң жашыл жана туруктуу калыбына келтирүүнү колдоого алууда координацияланган экономикалык жооп кайтаруу чараларын иштеп чыгууга жана аны талкуулоого багытталган.
Форум Борбор Азия өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жана өкмөт башчыларынын орун басарларынын деңгээлинде өтөт. Европа Бирлигин Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис көрсөтөт. Мындан тышкары, Европа Бирлиги өлкөлөрүнөн жогорку деңгээлдеги өкүлдөр, тышкы иштер министрлери, атайы өкүлдөр, ошондой эле атайын жана ыйгарым укуктуу элчилер катышат.