Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлеринин билдирүүсү жалган

Ош ШИИБи Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлеринин билдирүүсү жалган экендигин билдирет
Маалымат агенттиктерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлерин милиция кызматкерлери киргизбей койгондугу тууралуу маалымат жарыяланган.

Ал маалыматты аталган борбордун (НЦПП) кызматкерлери беришкен.
Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет: Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун (НЦПП) маалымат агенттиктерге берген маалыматтары чындыкка дал келбейт жана алардын мындай аракеттери түшүнүксүз.

Борбордун тараткан маалыматтары ички иштер органдарынын, анын ичинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кадыр-баркына доо кетирүүнү көздөйт. Окуя боюнча айта турган болсок, кечээ күнү болжол менен саат 10.30 чамасында келип, Ош ШИИБнын жетекчилиги менен жолугушууга келишкендиктерин айтышкан.

Башкармалыктын жетекчилиги пландуу кеӊешмеде болгондуктан аларга мүмкүнчүлүк болсо түштөн кийин келүүнү сунуш кылышкан. Борбордун кызматкерлери макул болушуп, башкармалыктан кетишкен. Убактылуу кармоочу жайга кирүү боюнча сөз болгон эмес. Бүгүнкү күнү бизге маалымат агенттиктерге алардын берген маалыматтарынын максатты түшүнүксүз.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгы адам укуктарын колдойт жана коргойт. Убактылуу кармоочу жайга кирип таанышууга мыйзамдуу укугу бар уюмдарга, борборлорго бут тосуу жок жана болбойт дагы.

                   Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы