Жогорку сот БШКнын Мамытовго байланыштуу арызын артка кайтарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кассациялык даттануусун процесстик мыйзамдын талаптарына туура келишин карап чыгып, төмөндөгү негиздерде кайтарылып берилүүгө жатат деп тапкан.


Кыргыз Республикасынын АПКнин 249-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, кассациялык даттанууга (сунуштамага) даттанууну (сунуштаманы) берген адам тарабынан кол коюлат. Өкүл тарабынан берилген кассациялык даттанууга (сунуштамага) ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн башка документ тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин колу ошол юридикалык адамдын мөөрү менен ырасталат.


Иштин материалдарына караганда, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кассациялык даттануусу 2021-жылдын 12-февралындагы ишеним каттын негизинде өкүл Кутбердиева М.М. тарабынан кол коюлган. Бирок Кыргыз Республикасынын АПКнин 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн талабы сакталбастан кассациялык даттанууга талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлбөгөн ишеним кат тиркелгендиктен, анын ишенимдүүлүгүн аныктоо мүмкүн эмес жана ал өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу далил катары кабыл алынууга жатпайт.


Аталган Кодекстин 254-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык эгерде даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 249-беренесинин 3-бөлүгүн бузуу менен берилсе кассациялык даттануу (сунуштама) кассациялык инстанциядагы сот тарабынан, даттанууну (сунуштаманы) берген адамга кайтарып берилет