
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференциясына менчик учак менен барганы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.

Мамлекет башчысы учуп жаткан ТУ-154 «Борт номер бир» Евробиримдик менен Улуу Британиянын техникалык нормаларына жооп бербейт, буга байланыштуу кыргыз тарапка өлкөгө бул типтеги учактарды кондурууга мүмкүн эместиги маалымдалган.


Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун талаптарына ылайык, Кыргыз делегациясын Глазго шаарына жеке учак менен алып баруу чечими кабыл алынган.