1-ноябрдан тарта жол кире кымбаттады

Бишкекте 1-ноябрдан баштап жол кире кымбаттады. Жүргүнчүлөр троллейбуска жана автобуска 11 сомдон, маршруттук кичи автобустарга 15 сомдон төлөшөт.

Шаардык кеңеш 28-сентябрда ушундай токтом чыгарган.

Кошумчалай кетсек, борбор калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. Андан бери троллейбус менен автобустун акысы 8 сом, маршруттук кичи автобустардыкы 10 сом, кечки саат 9дан кийин 12 сом болчу. Пенсионерлер күндүз 5 сомдон төлөп келишкен.