Россияда мигранттарга жаңы эрежелер киргизилди

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Россияга иштөө үчүн бара турган жарандарга медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү эрежеси кире турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-декабрынан тарта 2021-жылдын 1-июлунда кабыл алынган “Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук жобосу” жана “Россия Федерациясында мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүү” жөнүндөгү федералдык мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет.

Ага ылайык, Россияга иштегени барган жарандар төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:

Россияга киргенден кийин 30 календарлык күндүн ичинде бир жолку дактилоскопиялык мамлекеттик каттоодон өтүп, сүрөткө түшүү;

Россиянын аймагына киргенден кийин 30 календарлык күндүн ичинде баңгизатты же психотроптук каражаттарды дарыгердин сунуштамасы жок өз алдынча колдонгон-колдонбогонун, коомчулукка коркунуч жараткан инфекциялык ооруларынын бар-жогун, ВИЧке кабылган-кабылбаганын аныктоочу медициналык кароодон өтүү;

Аталган медициналык документтердин мөөнөтү бүткөндөн кийин 30 күндүн аралыгында жаңыланган документтерди ички иштер сферасындагы аткаруу бийлигинин федералдык органынын аймактык органына же болбосо мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталы аркылуу электрондук формада тапшыруу керек. Мындан сырткары, ведомстволордун алдындагы же ыйгарым укуктуу уюмдарга да өткөрүп берсе болот.

Жогоруда аталган талаптарды аткарбаган учурда Россиянын аймагында убактылуу жүрүү мөөнөтү кыскарат. Мындан тышкары, Россиянын мыйзамдарына ылайык, мындай жарандардын Россияга келбей эле койгону оң экени тууралуу же өлкөгө кирүүгө тыюу салуу чечими кабыл алынышы мүмкүн.

“Дарыгердин уруксаты жок өз алдынча баңгизатын колдонгондор, коомчулукка коркунучтуу оорусу барлар же ВИЧ-инфекциясына кабылгандар аныкталса дагы жогорудагыдай чечимдер кабыл алынат”, — деп жазылат маалыматта.