Ички иштер министрлигинин Академиясында курсанттар ант беришти

2021-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын саптык аянтчасында Кыргыз милициясынын күнүнө карата 1-курстун курсанттарынын ант берүү аземине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Бул күнү ИИМдин Академиясынын 125 курсанты өз элине, Ата Мекенине кызмат кылууга ант беришти.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов, ички иштер органдарынын генералдары жана ардагерлери, ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Салт боюнча салтанаттуу иш-чара ИИМдин Академиясынын Туусун көтөрүү менен башталды.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов ант берүүчүлөрдүн алдында сөз сүйлөп, “Милдет, намыс, Ата-Мекен, элим үчүн турам бекем” – деген ураан эли-журтун коргогон, эч нерседен коркпогон эр жүрөк азаматтарга таандык. Анын сыңарындай, ары татаал, ары түйшүктүү, жоопкерчилиги олуттуу кызматты аркалоо сиздерден талыкпаган эмгекти, терең билимди жана чыдамкайлыкты талап кылат.
Силерге коюлган башкы талап татыктуу билим алуу. Ички иштер министрдигинин Эргеш Алиев атындагы Академиясы Кыргызстандагы алдыңкы жана өлкө үчүн ички иштер органдарына кадрларды дайындаган жалгыз жогорку окуу жайы. Татыктуу билим алууга бардык шарттар түзүлгөн. Ошондуктан болгон аракетиңерди жумшап, билимиңерди бекемдеп алсаңар, силерден элдин ишеничин актаган, күн-түн дебей кызмат аткарган, жарандардын кызыкчылыктарына кылдат мамиле жасаган татыктуу кызматкерлер чыгат деп ишенем”,-деп билдирди куттуктоосунда.

WhatsApp Image 2021 10 29 at 12.49.27 Ички иштер министрлигинин Академиясында курсанттар ант беришти


Андан соң, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Тариель Абитов сөз сүйлөп, жоопкерчилиги жогору турган кесиптин босогосун аттап жаткан курсанттардын эң башкы милдети бул терең билим алуу экенин жана ага окуу жайда бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеп, руханий-адеп-ахлагы, ар-намысы бийик, билими терең кесипкөй кызматкерлердин катарын бүгүнкү ант берип жаткан курсанттар толуктайт деген ишенимин билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө келген ИИМдин ардагерлери сөз сүйлөп, курсанттарды куттукташты. Ардактуу коноктор курсанттарга жашоодо кайраттуу болууларын жана алдыга койгон максаттарына бекем болушун каалап, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкери болуу ардактуу жана жоопкерчиликтүү экенин, келечектеги милиция кызматкерлерине коом жана мамлекет чоң үмүт артаарын белгилешти.
Иш-чаранын аягында Академиянын сап майданында курсанттар салтанаттуу марш менен өтүштү.

WhatsApp Image 2021 10 29 at 12.49.25 Ички иштер министрлигинин Академиясында курсанттар ант беришти

ИИМдин Басма сөз кызматы