
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
БШК ага күбөлүк жана төш белги тапшырды. Ал Абдумажит Юсуровдун ордуна «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болду.
Абдумажит Юсуров өзү жазган арыздын негизинде мандатынан ажыратылган.
Эске салсак, Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.