ИИМ кызматкерлери ишмердлүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар тууралуу семинар өткөрдү

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ишмердлүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар тууралуу семинар өткөрдү


Ош шаарында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгесинде Кыргыз Республикасында ишмердүүлүк жүргүзүп келген «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» эл аралык уюмуну колдоосунда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын, Тергөө кызматынын жана Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Дин иштери мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигине караштуу Пробация департаментинин, Жергилииктүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Зомбулук экстремизмине каршы күрөшүү: концепциялар, программларды иштеп чыгуу жана алдыңкы тажрыйба» – аттуу темда семинар-тренинг болуп өттү.
Семинардын алкагында катышуучуларга, “Экстремизмди алдын алууда көп сектордук мамиле: Өкмөттүн жана жарандык коомдун ортосундагы кызматташтык мүмкүнүлүктөрү”, “Диний экстремизмге каршы аракеттенүүнүн негиздери”, “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы”, «Кылмыштуулукту алдын алууда социалдык жоопкерчилик» – аттуу темалар боюнча атайын даярдалган баяндамаларды, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар берилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө , сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду. Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү, диний экстремизм жөнүндө болуп, берилген суроолор боюнча катышуучулар канаатандыраарлык жооп алышты.
Семинар-тренингти өткөрүүдө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган, диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча усулдук буклеттер, эстеткичтер таратылып, катышуучулардын санитардык эпидемиялогиялык эреже тартиптерди сактоо максатында маскалар, коргонуучу каражаттар таратылды.

WhatsApp Image 2021 10 25 at 07.44.16 ИИМ кызматкерлери ишмердлүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар тууралуу семинар өткөрдү

ИИМдин Басма сөз кызматы