Өлкө башчы: “Алмазбек Атамбаевди саясий туткун деп эсептебейм”

Мен Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди саясий туткун деп эсептебейм. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маалымат жыйыны учурунда билдирди.

«Анын айтымында, Атамбаев бир иш менен эмес, бир нече кылмыш иши боюнча жоопкерчиликке тартылган. Атамбаевди мен отургузган жокмун», — деди ал.

Бишкекте, 23-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны болду.