
25-29-октябрь күндөрү Боом капчыгайында кулоо коркунучу бар таштар атайылап түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы кабарлады.
Маалыматка ылайык,таш кулатуу иштери күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жасалып, унаа жолу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери тарабынан маал-маалы менен жабылып турмакчы.
Унаа жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен жүрөт.