Келе жаткан парламенттик шайлоодо депутаттарды кантип шайлайбыз?

28-ноябрь күнү боло турган шайлоодо Жогорку Кеңешке мурдагыдай 120 эмес 90 депутат келет. Анын ичинен 54 депутат пропорционалдык система боюнча – саясий партиялардын курамында ачык тизме менен бир шайлоо округунда шайланат.  Башкача айтканда республиканын бардык аймагы бир округ болуп эсептелет.

Калган 36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система менен шайланат. Шайлоочуга эки башка урнага салына турган эки башка бюллетень берилет.

Биринчи бюллетенде бир мандаттуу окугдардагы талапкерлердин аты-жөнү болсо, экинчисинде партиялардын тизмесинен сырткары 1 ден 54кө чейинки номердеги бош чарчылар коюлат. Шайлоочу алгач партияны тандап, андан соң өзүнө жаккан талапкердин катар номерине белгини чектен ашырбай коюшу керек болот. 

Саясий партиялар шайлоо алдында талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына берет. Демек, талапкерлер добуш топтоо үчүн бир гана партияларды эмес, өздөрүнүн номерлерин да элге таанытышы керек.

Мындай преференциалдык система боюнча талапкер өз партиясында канчанчы орунда тургандыгы анчалык мааниге ээ эмес. Анткени, элдин добушун көп топтой алса, 54-орундагы талапкер биринчи орунга чыгып кетиши мүмкүн.

Партиялар Жогорку Кеңешке өтүшү үчүн бардык облустар жана Бишкек менен Ош шаарында шайлоого катышкандардын добуштарынын жок дегенде 0.5 пайызын, ал эми жалпы республикада берилген добуштардын кеминде 5 пайызын алуусу керек.

Демек тизмедеги талапкер көп добуш алып, бирок партиясы республикалык 5 пайыздык добуш босогосунан өтө албаса депутат болуп тандала албайт.

Белгилей кетсек, пропорционалдык система боюнча эми 54 мандаттын жарымынан көбү бир саясий партияга берилбейт деген жобо кирет. Буга чейин бир партияга 120 мандаттын ичинен 65тен ашыгы берилчү эмес.