Элдин президентке кайрылуусу эки эсе өстү

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинде сөз сүйлөп жатып айтты.

Анын айтымында, калктын көптөгөн көйгөйлөрү тийиштүү деңгээлде чечилбей келет.

“Өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы жылы жарандардын кайрылуусу эки эсеге көбөйдү. Президенттин администрациясына былтыркы жылдын 10 айында 5 миң 8 кайрылуу келип түшкөн болсо, 2021-жылдын тогуз айында эле 10 миң 500дөн ашык кайрылуу келди. Мындай көрүнүш жер-жерлердеги маселелердин өз убагында чечилбей, жергиликтүү бийлик жарандардын көйгөйлөрүнө көңүл кош мамиле жасагандыгы. Борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы ажырым дагы деле сакталып келүүдө”, — деди Жапаров.