Депутат Наталья Никитенко Министрлер кабинетинин Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр алып келүүнү казакстандык компанияга берүү тууралуу токтомун чыгарганын Facebook баракчасына жазды.
«Министрлер кабинетинин буйругу менен күзгү-кышкы жылуулукту камсыздоо үчүн «Электр станцияларын» кайдагы бир Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүүгө милдеттендиришиптир. Ал Бишкек ЖЭБине көмүр ташып келип жана буу казандардын агрегаттарын тейлейт экен. Демек, шек жараткан репутациясы бар кайдагы бир компания биздин стратегиялык маанидеги ишкананы тейлейби?» — деп жазган Никитенко.
Президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 20-октябрда «Электр станциялары» ААК менен казакстандык «Hampton Resources Limited» компаниясынын ортосунда келишим түзүү боюнча Министрлер кабинетинин буйругу боюнча түшүндүрмө жарыялады.
Анда «Президент Садыр Жапаровдун Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатындагы тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында, абага чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн төмөндөтүү жана борбордогу экологиялык кырдаалды жакшыртуу, кара түтүн боюнча кырдаалды чечүү, ошондой эле 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү максатында Министрлер Кабинети бир катар натыйжалуу чараларды көрүлүп жатканы айтылган.
«Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары жана Экономика жана финансы министри болуп турганда Экология боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова менен биргеликте Казакстан Республикасынын Караганда облусунда иш сапары менен болушуп, ал жакта иштеп жаткан көмүр шахталары жана байытуучу комбинаттардын ишмердүүлүгү менен таанышышкан. Андан соң борбордук ЖЭБде «КО» маркасындагы 7 миң тонна көмүр концентратынын тажрыйба-өндүрүштүк күйгүзүүсү болуп, анын жыйынтыгы боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Энергетика жана экономика илимий изилдөө институту аталган көмүр концентратын күйгүзүүнүн натыйжалуулугу боюнча тийиштүү корутунду берген. «КО» маркасындагы көмүр концентратынын тажрыйба-өндүрүштүк күйгүзүүсүнүн жыйынтыгы дагы анын экологиялык кырдаалга оң таасир тийгизгенин көрсөттү.
Муну менен төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр пайда болот:
— электроэнергиясын иштеп чыгууну жылына 1,2 млрд кВт/с 6,0 млрд кВт/с чейин көбөйтүү;
— электроэнергиянын өздүк наркын кВт/саатына 3,93 сомдон 1,75 сомго чейин жана жылуулукка 1 Гкал/с жылуулук үчүн 900-945 сомго чейин төмөндөтүү;
— Бишкек ЖЭБиндеги 4,5 млрд сом өлчөмүндөгү жылдык чыгымдарды жокко чыгаруу жаан жылына 1,1 млрд сомдон кем эмес киреше алуусун камсыздоо. Мындан сырткары, станцияны өзүн өзү актоого жана өзүн өзү каржылоого чыгарууга мүмкүн болот;
— Бишкек шаарынын ЖЭБинин агрегаттарын жогорку натыйжалуу жабдууларга жаңыртууга инвесторлорду тартуу;
— ыш (смог) көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөт, бул экологияга оң таасир этет.
Экономикалык натыйжа тууралуу мисал катары, долбоордук эмес көмүрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырма анализден, отунду даярдоо тилкелеринде билдердин (көмүрдүн майда элементи) аз чыгымдалышынан, тегирмен, керней жана күлшлакты тазалоонун эсебинен үнөмдөө камсыздалат. Муну менен каражаттын көп эсе үнөмдөлүшү камсыздалат»,-деп айтылат маалыматта.