ВИДЕО: Ооруканага баласы менен келген аял доктурга колун көтөрдү

Бишкектеги Эне жана бала улуттук борборунда баласын алып келген эне кезегин сактабастан, ооруканада чатак салган. Бул тууралуу Кактус.медиа басылмасы маалымат таратты.

YouTube video

Маалым болгондой, окурман жиберген тасмада балдардын жогорку температурасы белгиленген. Бирок, тилекке каршы, аталган борбордо эки гана врач кабыл алган. Кезекте тургандардын саны арбын.

-Бирок, доктурлар дары да берген эмес. Алар Саламаттык сактоо министрлигине баргыла деп айтышкан, – дейт окурман.