“Россия президенти Владимир Путиндин Ооганстандын түндүгүндө” Ислам мамлекети “радикал уюмунун согушкерлеринин болушуна байланыштуу айткан коркуулары негизсиз”, – деп билдирди Талибандын маданий комиссиясынын мүчөсү Анамулла Самангани. Бул тууралуу TOLOnews ооган телеканалы билдирди.
Талибандын өкүлүнүн айтымында, “Ислам Мамлекети” Афганистандын бир дагы аймагында калктын колдоосуна ээ эмес, деп жазат Lenta.ru.
Жума күнү, 15 -октябрда, КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында Путин Ооганстандын түндүгүндө 2000дей “Ислам Мамлекетинин” мүчөлөрү топтолгонун айтты.
Орус лидери буга чейин Ирак менен Сирияда согушкан террористтер азыр Ооганстанда чогулуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.