“Кызыл зонада” иштеген ак халатчандарга эки айдан бери акчасы бериле элек

“Кызыл зонада” иштеген ак халатчандар эки айдан бери ал жакта иштеген эмгек акыларын ала элек.

Бул тууралуу BULAK.KG порталына атын атагысы келбеген врач кайрылды.

Буга чейин деле ошол кооптуу кызыл зонада иштеген кесиптештерибизге айлык кечиктирилип берилип келген. Бирок, бул жолу 2 айдан ашып кетти. – Азыр продуктунун баары кымбат. Балам быйыл мектепке барды. Эптеп биринин башын бирине кийгизип жатабыз. Кредитибиз да бар, – дейт ак халатчан.

19-октябрда ЖКнын бюджет жана финансы комитетинде “кызыл зонада” иштеген медиктерге кошумча жардам тууралуу маселе талкууланган.

Депутат Арысланбек Акбаров доктурларга июль айынан бери эмгек акылары берилбей жатканын белгилеген.

Ал эми Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган министрликке 480 миллион ФОМСко жана министрликке 100 млн. сом жетишпей жатканын билдирген.