Кочкор районунда ардагерлердин демилгеси менен спорттук иш-чара өткөрүлдү

Нарын ОИИБнин,Кочкор РИИБнүн ардагерлеринин демилгеси менен жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана жаш жеткинчектерди сергек жашоого үндөө, мектеп аралык достукту чыңдоо,ынтымакты бекемдөө максатында райондун аймагындагы билим берүү окуу жайларындагы мектеп окуучулар арасында спорттун футбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2021 10 19 at 08.45.49 1 Кочкор районунда ардагерлердин демилгеси менен спорттук иш-чара өткөрүлдү

Иш-чаранын башталышы Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнөн баштап спорттук оюндар өтүүчү аянтчага чейин жөө жүрүш менен башталып, оюн кызуу уланып, жыйынтыгында жеңүүчү командалар баалуу белектер менен сыйланышты.

Ошондой эле Кочкор РИИБнүн көчмө кабылдамасы менен атайын графиктин негизинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жер-жерлерде жолугушуулар өткөрүлүп, профилактикалык иш-чаралар уланууда.

WhatsApp Image 2021 10 19 at 08.45.47 Кочкор районунда ардагерлердин демилгеси менен спорттук иш-чара өткөрүлдү

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы