“Алай” футболдук клубуна 50 миң сом айып салынды

Оштун “Алай” футболдук клубуна дисквалификация болгон оюнчуну мөөнөтү бүтө электигине байланыштуу курамга кошкону үчүн 50 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Кыргыз Премьер-Лигасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Алай” клубунун жарым коргоочусу Ислам Шамшиев 4 оюнга дисквалификация болгонуна карабай курамга “Абдыш-Ата” клубу менен болгон оюнда кошулган. Буга канттык клуб нааразычылыгын билдирген.

Мындан улам Тартип комитети 13-октябрда өткөн “Абдыш-Ата” – “Алай” беттешинин жыйынтыгын жокко чыгарып, “Абдыш-Ата” клубуна 3 упай берип, “Алай” клубуна 50 миң сом айып салган.