Түркияда 20 жаштагы Кыргыз жараны 6-кабаттан кулап кетти

Түркиянын Анталия шаарында 20 жаштагы Кыргыз жараны 6-кабаттан кулап түштү. Бул тууралуу Haberler.com басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кулап түшкөн жаран батирде достору менен жашаган алар аталган шаарга эс алуу үчүн келишкен.

Жабыркаган жаран ооруканага жеткирилген абалы оор. Полиция кызматы окуянын чоо-жайын териштирүүдө.