3 миң сомдон 8 миң сомго чейин. Өлкө ичинде “кара алтынга” болгон баалар

Кыргызстанда 14-октябрга карата көмүрдүн орточо керектөө баалары өткөн жылга салыштырмалу бир тонна үчүн 793,7 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Көмүргө карата орточо керектөө баалар чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде берилген.

Берилген маалыматка таянсак, минималдуу чекене баалар Чаек айылында бир тонна үчүн – 3 000 сом, Балыкчы шаарында бир тонна үчүн – 4000 сом, Нарын шаарында бир тонна үчүн – 4 200 сом болгон. Ошол эле учурда, көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат бир тонна үчүн – 9 262 сом, Исфана бир тонна үчүн – 8 485 сомжана Баткен бир тонна үчүн – 8 242 сом шаарларында катталды.

Өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу көмүргө карата баалардын Кербенде – тоннасы 3 366,1 сомго, Жалал-Абадда – тоннасы 1 725 сомго жана Баткен шаарында тоннасы 1 604 сомго өскөндөгү белгиленди.

Ал эми Талас шаарында көмүрдүн баасы – тоннасы 61,8 сомго төмөндөгөн.