Эдил Байсалов: “Бул өкмөт техникалык эмес”

 “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасына мамлекетте 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин курамы боюнча, анын иштеп кетиши, Акылбек Жапаровдун амбициялуу пландары, бул өкмөт эмнеси менен айырмалана алат жана алдыга коюлган пландар ишке ашабы деген суроо талкууга коюлду.

Талкууга жаңы куралган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматов жана Жогорку Кеңештин депутаты, «Альянс» партиясынын теңтөрагасы Мирлан Жээнчороев катышты.

Эдиль Байсалов маекте мурункудай колу-жолу бош болгон өкмөт болбойт деп ишендирди. “Бүгүн тарыхый дата болуп калды, анткени доор алмашты. Жазында элибиз колдоп берген Конституция иштей баштады. Азыр баарына жоопту бир адам болуп калды. Мурда Жогорку Кенешти карап, “жашабагыр депутат” эмнени айтса ошону кылган заман жок. Алардын айткандарын жалтактап иштеген мезгил кетти. Амбициялуу максаттар жана пландар ишке ашат деп ишендирди. Мурун Конституциялык өкмөт “чимкирик” деп аталган. Саясий жетекчилерге ийгилик каалайм”, – деди Байсалов.

Биз толук кандуу өкмөт, таптаза, кынтыксыз шайлоо уюштурушубуз керек, – деп кошумчалады Байсалов.