Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинети. Серепчилердин пикирлери кандай?

12-октябрь күнү Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам чыгаруу комитети президент Садыр Жапаров сунуштаган министрлер кабинетинин жаңы курамын бекитти.

RussVers1 1 Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинети. Серепчилердин пикирлери кандай?

Буга байланыштуу «BULAK KG» Акылбек Жапаров баштаган жаңы министрлер кабинетинин мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги жөнүндө серепчилердин пикирлерин угуп көрдү. Ошондой эле, кантип жалгыз адам министрлер кабинети менен президенттин администрациясы кызматын айкалыштырат деген суроо узатты.

Марс Сариев: Министрлер кабинетинин жаңы курамы экономикада чоң секирик жасайт

“Менимче Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинетинин жаңы курамы экономикага өнүгүү алып келет. Анткени, Жапаров тажрыйбалуу кризис-менеджер. Кумтор маселеси боюнча да ал өзүн тажрыйбалуу адис катары көрсөттү.

Өлкөдөгү кризис маалында мындай жетекчилер керек. Менимче министрлер кабинетинин курамына туура тандалган талапкерлер кирди. Бул жерде эч кандай компромисс көргөн жокмун.

Эдил Байсаловдун социалдык блокко алынып келиши да бекеринен эмес деп ойлойм. Ушул тапта жарандык коом аракеттеги бийликти сындаган маанайда турат. Анан, албетте, Байсаловдун бул кызматка коюлушу жарандык коом үчүн позитивдүү маанайды берет. Себеби, ал тажрыйбалуу жетекчи катары дал ушул социалдык блокто алгылыктуу иштерди аткара алат.

 Менимче министрлер кабинетинин бул командасы экономикада да, социалдык тармакта да өсүштөрдү алып келет”.

Алмазбек Акматалиев: Өкмөттүн курамы жаман эмес, тажрыйбалуу да, жаш да кадрлар бар…

“Өкмөттүн жаңы курамында өтө татаал миссия бар: өлкөнү кризистен сууруп чыгуу!

Маанилүү тапшырмалар абдан эле көп: Кумтор маселеси, пандемияны басып өтүү, келе жаткан катаал кыш мезгили, Афганистандагы кырдаалга байланыштуу чек араны бекемдөө жана бардык тармактардагы ре формалар, айрыкча билим берүү жана медицинада. Андан сырткары бизнести колдоо менен бюджетти толуктоо, коррупция, көмүско экономика менен күрөшүп, муктаж адамдар менен пенсионерлерди колдоо.

Өкмөттүн курамы жаман эмес, тажрыйбалуулар да, жаштар дагы бар…

Алар бардыгын иш жүзүнө ашыра алат деп ишенем!”

Азамат Темиркулов: Бул министрлер кабинетинен кандайдыр бир жаңылануу жана өнүгүүнү күтпөй эле коюш керек

Менимче, жаңы эч нерсени күтө албайбыз. Анткени, булардын бардыгы эски адамдар, эски чиновниктер. Иш жүзүндө кандай экенин буга чейин көрсөтүп койгондор. Демек, алардын жаңыча башкарып иштөөсүнө коз деле жетпейт.  

Мурун кандай иштеп келген болсо, азыр дагы дал ошондой иштейт деп эсептейм. Мамлекеттик башкарууда жаңылык алып келет деп айтуу кыйын, себеби жаңыланууну кайдан алышат?

Мамлекеттик башкарууда жаңы принциптердин болушу үчүн жаңы адамдар керек да. Азыркы учурда, бул кабинетте жаңы адамдар жок. Буга чейин кандай жумуш кылып келген болсо, ошол эле нукта иш алып бара турган эски адамдар. Демек, олуттуу өзгөрүүлөр болот деп айта албайбыз. Мамлекеттин экономикалык жана социалдык тармагында өзгөрүүлөрдүн боло турганына ынануу кыйын.

Кызыгы, азыркы экономикалык кризис биздин гана өлкөдө эмес бүткүл дүйнөдө жүрүп жатат. Дүйнөлүк карантинден улам көптөгөн мамлекеттердин экономикасы сазга батты. Учурда биз экономикалык кризисте жашап жатабыз. Мындай кырдаалда мамлекетти, мамлекеттик органдарды башкаруу оңой иш эмес.

Эски команда жана экономикалык кризис деген эки факторду эске алганда, кырдаал жакшырат деп айтуу кыйын. Тескерисинче, кырдаал оорлоп кетиши ыктымал. Же болбосо, азыр кандай абалда турса, ошондой абалда калышы мүмкүн.    

Шерадил Бактыгулов: Эки кызматты айкалыштыруу – логикалык эле кадам

Министрлер кабинети жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы 2021-жылдын жаз мезгилинде күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын нормаларын улантуу болуп саналат.

 Мыйзамга ылайык, министрлер кабинетинин жетекчиси бир эле убакта президенттин администрациясынын башчысы болот. Жаңы Конституцияга ылайык, КР президенти бийликтин аткаруу бутагынын жетекчиси болгондуктан, бул норма чыгып келүүдө. Ошондуктан, кызматтарды айкалыштырууну логикалык кадам деп атасак болот.

Мурдагы беш президенттин маалында президент менен премьер-министрдин администрациясынын өз алдынча иш алып барышы чечим чыгаруучу эки борбордун пайда болушуна алып келген. Алар бири-бири менен атаандашып, бирине бири каршы чыгып, көбүнесе саясий интригалар менен алек болушкан.

 Премьер-министрлик кызмат менен президенттин администрациясынын жетекчиси ишин бирдей алып кетүү менен, мамлекеттин саясий башкаруу системасындагы негативдүү көрүнүштөрдү жок кылуу аракети көрүлөт.

Денис Бердаков: Өкмөт мобилдүү иштеп, аракети тыкандаша баштайт

Министрлер кабинетинин ар бир мүчөсү киреше тууралуу маалымат берип, өкмөттүн иши тыкандашып, негизги өзгөчөлүк – кабинет мыйзам чыгаруу демилгесине ээ болуп, өзү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламентке сунуштай алат. Демек, алда канча тез, мобилдүү өкмөт курулуп жатат. Албетте, алардын мойнуна коюлган жоопкерчилик да ошондой деңгээлде.

Премьер-минстр президенттин администрациясын жетектеп, аны менен бирге түздөн-түз өлкө башчынын көзөмөлүндө болот. Президент өз администрациясынын жетекчиси катары каалаган убакта чакырып алып, тууралап, багыт берип же премьерди, каалаган министрди кызматтан алып кое алат. Кризис маалында бул система эффективдүү. Бизде экономикалык кризис жана көз карандысыз мамлекеттүүлүктүн 30 жылдык кризиси бар. Ал аралыкта көп нерсе аткарылбай калганы белгилүү. Эми бардыгын жөнгө салып ыкчам чараларды көрүү үчүн 5-10 жыл керектелет.