ЖК депутаттары жаңы өкмөттүн курамын карап жатат

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып Акылбек Жапаровду дайындады. Жаңы өкмөттүн курамы ушу тапта парламенттин тиешелүү комитетинде каралууда.

Депутат Айнуру Алтыбаева министрлер арасында жалгыз айым калганын белгилеп, ошону менен катар областтык, райондук бюджеттер туура чечилип, бир топ жакшы иштер жасаларына ишенди. Ал Акылбек Жапаровдун ишине албан ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек,жалгыз айым министр болуп Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — Динара Кутманова болуп дайындалды.

Эске салсак, Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин жетекчиси болуп 8 ай иштеген.