
9-мартта Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүнүн аймагында атайын багыттагы аскерлердин катышуусунда «Канжар-X» кыргыз-индия биргелешкен машыгуусу башталды.
Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, машыгуу эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу, Кыргызстан жана Индиянын мамлекеттик тууларын көтөрүү менен башталды.
Машыгуунун максаты – ар кандай кырдаалдарда атайын тапшырмаларды аткарууда эки өлкөнүн бөлүмчөлөрүнүн күжүрмөн ырааттуулугун, өздүк курамдын талаа көндүмдөрүн жогорулатуу, ошондой эле алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу болуп саналат.





